Биз менен байланышыңыз

Асман шаарынын баштапкы имараттарын корей компаниясы курат

Кыска кабар | 29 Июн 2023 | 358 | 0

Эртең, 30-июнда Ысык-Көлдөгү Асман эко-шаарынын курулушуна капсула салынат.

Ысык-Көл райондагы Чырпыкты айылынын карамагындагы жерге салына турган шаардын аянты 4015 гектарды түзүп, 500 миң-700 миң адамдын жашоосуна ылайыкташат.

Асмандын курулушуна алдын ала эсептөөлөр боюнча 20 миллиард доллар сарпталат. Курулуш иштери толугу менен инвесторлордун эсебинен ишке ашырылат.

Асман шаарынын мамлекеттик дирекция башчысы Руслан Акматалиевдин айтымында, баштапкы имараттарды корей компаниясы курат.

«Бул алдын ала макулдашуу же меморандум эмес, биз буга чейин 1 миллиард доллардан ашык келишимге кол койгонбуз. Алар 10 млрд долларга чейин инвестициялоого даяр», — деп билдирди ал.

Корей булактарынан алынган маалыматка караганда, Promise Land компаниясы келечектеги эко-шаарларды курууга багытталган. Компаниянын тизмесинде буга чейин ишке ашырылган бир нече долбоор бар.

Кореялык компания Асман шаарынын бир гана бөлүгүн куруп баштайт. Долбоордун алкагында 30 миң турак-жай курулат, ага элиталык террасалуу үйлөр, 10-30 кабат комплекстер жана башка имараттар кирет.

Алдын ала маалымат боюнча, Асман шаары 7-8 жылда толук курулуп бүтөт.

Copyright © 2017 Maral FM