Биз менен байланышыңыз

Парламент прокуратурадан тергөө укугун алууну үчүнчү окууда колдоду

Кыска кабар | 29 Июн 2023 | 136 | 0

Бүгүн, 29-июндагы Жогорку Кеңештин жыйынында «Прокуратура жөнүндө» конституциялык мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» конституциялык мыйзам долбоору каралып, үчүнчү окууда кабыл алынды.

Мыйзам долбоору президент Садыр Жапаров тарабынан демилгеленген.

Мыйзам долбоору прокурордук көзөмөлдүн чегинен чыккан, анын ичинде Конституциянын айрым ченемдерине карама-каршы келген прокуратура органдарынын ыйгарым укуктарын алып салуу максатында даярдалган. Тагыраагы, тергөө жүргүзүү боюнча прокуратура органдарынын функцияларын алып салууга багытталган.

Талкууда депутат Элмурза Сатыбалдиев сот адилеттүүлүктүн башаты тергөөдөн башталарын айтып, президент ишеним берип жаткан сон,  тергөөнү талашып-тартышпай калыс алып барууга чакырды.

Депутат Гуля Кожокулова прокуратура органы тарабынан токтотулган кылмыш иштеринин мындан кийинки абалына кызыгып, анын санын тактады.

Депутат Сүйүнбек Өмүрзаков прокуратурадан тергөөнүн алынышы менен башка органдардагы тергөөчүлөрдүн жумушу көбөйөрүн айтып, штаттык бирдиктерди көбөйтүү сунушун берди.

Жыйынтыгында мыйзам долбоору үчүнчү  окууда колдоо тапты.

Copyright © 2017 Maral FM