Биз менен байланышыңыз

Борбор Азия президенттери кыргызстандыктарды Курман айт менен куттуктады

Кыска кабар | 28 Июн 2023 | 125 | 0

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев, Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон кыргызстандыктарга жана президент Садыр Жапаровго Курман айт майрамы менен куттуктап телеграмма жиберди. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин куттуктоосунда:  «Казакстандыктардын жана жеке өзүмдүн атымдан Сизди жана мекендештериңизди Курман айт майрамы менен чын дилимден куттуктайм! Мээримдүүлүк жана боорукердик, ыймандуулук жана адептүүлүк сыяктуу асыл сапаттарды даңазалаган бул улуу майрам боордош элдерибиздин ыйманын жана бакубаттуулугун арттырсын», — деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеевдин куттуктоосу:»Мусулман дүйнөсүндө чоң кубаныч жана бакыт менен майрамдалган даңазалуу Курман айт майрамы менен Улуу урматтуу Сизди, бардык жакындарыңызды жана боордош кыргыз элин чын жүрөктөн куттуктайм.

Биздин дос элдердин акыркы жылдары бекемделип жаткан тарыхый ынтымагы жана биримдиги, тынчтыкты, бейпилдикти жана өз ара ынтымакты даңазалоого багытталган бул майрамдын маанисине шайкеш келет.

Сиз менен бирге жасалган иштердин жана биздин жалпы умтулууларыбыздын натыйжасында боордош өлкөлөрдүн ортосундагы достук байланыштар ар тараптан бекемделип, ал эми боордош өлкөлөрдүн ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүгү мындан ары да күчөп, өнүгө берет деп ишенем», — деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедовдун куттуктоосу: «Куттуу Курман айт майрамына карата Сизге жана өлкөңүздүн бүткүл элине чын жүрөктөн чыккан куттуктоолорумду жана тынчтык менен гүлдөп-өнүгүү каалоолорумду жолдойм.

Өлкөлөрүбүздүн ортосундагы мамилелердин ийгиликтүү өнүгүшү мындан ары да жалпы мусулман үммөтүнүн ортосундагы өз ара түшүнүшүүнүн бекемделишине өбөлгө болот деп терең ишенем», — деп айтылат Түркмөнстандын Президентинин куттуктоо телеграммасында.

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун куттуктоосу: «Куттуу Курман айт майрамына байланыштуу чын жүрөктөн чыккан куттуктоолорубузду жана жакшы тилектерибизди кабыл алууңузду өтүнөм. Ушул бакытка толо күндөрдө сизге чың ден соолук, бакыт жана Сиздин жоопкерчиликтүү ишиңизде ийгиликтерди, ал эми достук мамиледеги Кыргызстан элине -тынчтык жана коопсуздук, бакубатчылык жана туруктуу гүлдөп-өнүгүүнү каалайм.

Таза ислам дининин түбөлүк баалуулуктарын камтыган дүйнө мусулмандарынын бул ыйык майрамы кылымдар бою элдерибиздин ынтымагына, биримдигине жана тилектештигине өбөлгө болуп келет.

Анын бийик руханий идеалдарына ылайык, биздин өлкөлөрдүн ортосундагы салттуу достук, ынак коңшулук жана жаратман кызматташтык мамилелери мындан ары да өсүп-өнүгүп, элдерибиздин жыргалчылыгы үчүн жаңы мазмун менен байытыла берет», — деп айтылат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM