Биз менен байланышыңыз

«Коммерциялык эмес жана бейөкмөт уюмдар жөнүндө» мыйзам долбоору толукталат

Кыска кабар | 27 Июн 2023 | 218 | 0

Президенттик администрация сунуштаган «Коммерциялык эмес жана бейөкмөт уюмдар жөнүндө» мыйзам долбооруна өзгөртүү, толуктоо киргизүү боюнча жумушчу топтун иштөө мөөнөтү 1-октябрга чейин узартылды. Бул тууралуу жумушчу топтун мүчөсү Таттүүбүбү Эргешбаева «Маралга» тастыктады.

Жумушчу топ «Коммерциялык эмес жана бейөкмөт уюмдар жөнүндө» мыйзам долбоорун толуктап иштеп чыгып, 1-октябрга чейин коомдук талкууга чыгарышы керек. Эргешбаеванын айтымында, жумушчу топ кышында түзүлгөнү менен бир эле жолу жолугушуу өткөрүлгөн.

Жумушчу топ президент Садыр Жапаровдун 2023-жылдын 8-февралындагы буйругу менен түзүлгөн. Ага 1-июнга чейин убакыт берилген, бирок азыр мөөнөтү 1-октябрга жылдырылды.

Президенттик аппарат «Коммерциялык эмес жана бейөкмөт уюмдар жөнүндө» жаңы мыйзам долбоорун 2022-жылдын ноябрь айында сунуштаган. Долбоордун негиздемесинде коммерциялык эмес бейөкмөт уюмдарды түзүүгө жана алардын ишмердүүлүгүнө карата саясий, укуктук талаптар эселеп көбөйүп жатканы айтылат. Бүгүнкү күндө Кыргызстанда канча бейөкмөт уюм бар экенин тактоо мүмкүн эмес, анткени азыркы мыйзам боюнча бейөкмөт уюмдарды каттоо милдеттүү эмес деген жүйө келтирилген.

Мындан тышкары Жогорку Кеңештеги «Ата журт — Кыргызстан» фракциясынын депутаты Надира Нарматова 2016-жылы каралып, колдоо таппай калган бейөкмөт уюмдарга «чет элдик агент» макамын берүүнү сунуштаган мыйзам долбоорун кайрадан демилгелеген. «Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө» мыйзамга жана «Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча» мыйзам долбоору Жогорку Кеңеште 19-майда каттоого алынган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM