Биз менен байланышыңыз

Балдарга 5 миң сомдон жөлөк пул берүү мыйзам долбоору сунушталды

Кыска кабар | 27 Июн 2023 | 2369 | 0

«Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөк пулдар жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүүнү сунуштаган долбоор 23-июнда коомдук талкууга чыгарылды. Ал мамлекеттен берилүүчү жөлөк пулдун өлчөмүн Конституцияда бекитилген калкты социалдык камсыздоо жаатындагы ченемдерге ылайык келтирүү максатында, бийик тоолуу жана алыскы айылдарды, өзгөчө макамга ээ чек ара аймактарын жердеген 3 жашка чейинки балдары бар жарандарды колдоо, келечек муундардын жашоосуна мамлекет тарабынан колдоо көрсөтүү максатында жазылган.

«Тоолуктарга көмөк» жөлөк пулун берүү тартибин депутаттар Камила Талиева жана Марлен Маматалиев иштеп чыккан.

Сунушталган документке ылайык, 3 жашка чейинки балдары бар үй-бүлөлөргө социалдык абалына, башка да жөлөк пул аларына карабастан, айына 5 миң сомдон кем эмес жөлөк пул төлөө каралган.

Ушул мыйзам кабыл алынса, ал 2024-жылдын 1-сентябрынан тарта күчүнө кирет.

Кошумчалай кетсек, буга чейин 30-майда ушуга окшош мыйзам долбоорун «Бүтүн Кыргызстан» парламенттик фракциясынын лидери Адахан Мадумаров сунуштаган. Мыйзам долбоор «Айылдыктарга көмөк» деп аталып, анда жөлөк пул үй-бүлөлөрдүн социалдык абалына карабастан баарына бирдей берилиши, өлчөмү жашоо минимумунан кем болбошу керектиги жазылган. Айрыкча чек ара аймактарын, алыскы тоолуу аймактарды жердеген 14 жашка чейинки балдары бар үй-бүлөлөрдү бөлүп кароо сунушталган.

Улуттук статистика комитетинин маалыматына караганда, ушул жылдын биринчи кварталында жашоо минимумдун орточо өлчөмү 7 501,97 сом, ал эми балдар үчүн 6415,63 сомду түзгөн. Ал эми учурда жөлөк пул 1200 сомдон берилет.

Copyright © 2017 Maral FM