Биз менен байланышыңыз

«Ветеринария жөнүндө» мыйзамга бешинчи жолу өзгөртүү киргизилет

Саясат | 26 Июн 2023 | 735 | 0

«Ветеринария жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүүнү сунуштаган долбоор боюнча өткөн коомдук угууда демилгечи депутат Балбак Түлөбаев долбоордун негизги максатын кыскача баяндап берди.

«Бул мыйзамды жакшы бир мыйзам катары алып баралы деген ой-максатта бул жерге чогулуп жатабыз. Башка максат, жеке кызыкчылык жок. Ошондуктан өкмөт, коомдук ветеринардык уюмдар жана илим чөйрөсү менен маңдай-тескей отуруп алып, ачык талкуулап, элге керектүү мыйзам алып келүү негизги максатыбыз болуп жатат». 

Жыйындын катышуучулары ветеринария тармагында маселе көптүгүн, замандан артта калып жатканын, андыктан өзгөртүү киргизүү учурдун талабы экенин айтышты. 2014-жылы кабыл алынган «Ветеринария жөнүндө» мыйзам буга чейин үч жолу оңдолгон.

Ветеринария илимдеринин доктору Манас Бабакулов жаңы өзгөртүүлөрдө ветеринария кызматын экиге бөлүү сунушталганын, бул аракет тармакты көзөмөлдөп, өнүгүшүнө шарт түзүү экенин белгиледи.

«Биз бир кызматты эки тармакка бөлүп, бир орган өзү тапшырма берип, өзү аткарганды токтотуп, бири экинчисин толуктап, кемчилигин айта турган орган кылуу сунушталууда. Биринчиси, аткаруу бийлигине караштуу ветеринария боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган, экинчиси, ветеринардык көзөмөл органы деп аталат. Ушундай жол менен көпчүлүк органдар өз ордунда кетет деген ойдобуз».

Ветеринария тармагында төрт-беш жыл мурда «жеке ветеринардык адистер» деген түшүнүк кирип, алар өз кызматтарын бүгүнкү күнгө чейин көрсөтүп келишет. Учурда коомдук ветеринардык уюмдар пайда болуп, кызмат көрсөтүүсүнө мүмкүнчүлүк берүү каралып жатат. Алардын иштешине уруксат кагаздарын берүүнү, каттоону ветеринардык палатага жүктөө сунушталып жатат.

Ветеринария илимдеринин доктору, профессор Асанкадыр Жунушов Айыл чарба министрлигине мыйзамдык жагын, башкаруу жагын гана колго алып, калганын жеке жактарга өткөрүп берүүнү сунуштады.

«Көз карандысыз инспекция кылуу керек. Ачыгын айтсам, райондогу инспектор бир колу менен инспектор, бир колу менен жеке ветеринардын үстүнөн карайт. Инспекция деген мыйзамды гана көзөмөл кылышы керек. Ветеринардык тармакты тейлегендер — жалаң гана жеке кызматтар. Айыл чарба министрлиги мыйзам актыларын жазышы керек. Ошондуктан министрликте бир гана чакан башкаруу болушу керек. Баарын жеке жактарга бериши керек. Алардын материалдык базасын чыңдаганга аракет кылгыла. Мына ошондо оңолуп кетебиз».

«Кыргызстандын ардагер ветеринарлары» коомдук бирикмесинин жетекчиси Байыш Дарданов элди таза азык менен камсыздоо үчүн ветеринария тармагын өнүктүрүү керектигине токтолду. Ал мыйзамга өзгөртүү киргизүүдө укуктарын гана жазбастан, жоопкерчилигин да ачык жазууну талап кылды.

«Азыркы күндөгү ветеринария тармагы ыйлап, аксап турат. Ветеринар адистердин бир гана максаты бар: мал дарылоо эмес, дасторконго таза азык берүү. Таза азык болушу үчүн малдын дени сак болушу керек. Азыр айыл өкмөттөргө барсаң, бир ветврач жок, ит менен издеп таппайсың. Азыр мыйзамды карап чыксаңыз, бир да органдын жоопкерчилиги жазылган жер жок. Бир жеринде «жооп берет» деген жер жок. Ошондуктан реформа жүргөн жок.  Буга байланыштуу мыйзам жазганда жооп бере турган органды так көрсөтүү керек».

Мындан сырткары коомдук угуунун жүрүшүндө  жергиликтүү айыл өкмөттөрдүн базасында ветеринардык бөлүмдөрдү уюштуруу, ветеринардык кызмат көрсөтүүлөрдүн баасын ар бир аймактын өзгөчөлүгүн эске алуу менен аныктоо керектиги айтылып, күзгө чейин бул мыйзам боюнча сунуштар кабыл алынары маалымдалды.

Copyright © 2017 Maral FM