Биз менен байланышыңыз

Кыргызстан Орусиядан аскердик тик учак сатып алды

Кыска кабар | 26 Июн 2023 | 371 | 0

Кыргызстандын Куралдуу күчтөрү Орусиянын «Рособоронэкспорт» мамлекеттик ишканасынан Ми-17 (Ми-17В-5) тик учагын сатып алды. Бул тууралуу Коргоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Тик учакты өткөрүп берүү салтанаты 23-июнда өтүп, ага коргоо министри Бактыбек Бекболотов, «Рособоронэкспорттун» жана Казань тик учак заводунун өкүлдөрү, ошондой эле Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн кол башчылары менен өздүк курамы катышты.

«Көп максаттуу Ми-17 тик учагы Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн алдында коюлган милдеттерди аткарууга мүмкүлүктөрүн кыйла жогорулатат», — деди Бекболотов.

Copyright © 2017 Maral FM