Биз менен байланышыңыз

УКМК Кыргызстандан Ооганстанга дары-дармек жиберилгенин билдирди

Кыска кабар | 25 Июн 2023 | 239 | 0

Кыргызстандан Ооганстанга дары-дармек түрүндө гуманитардык жардам жеткирилди. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен кабарлашты.

Маалыматка караганда, гумжардам ооган элине Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиевдин көрсөтмөсүнүн негизинде атайын борт менен жеткирилди.

Ооганстан тарап Кыргызстандын элине көрсөткөн жардамы үчүн ыраазычылык билдиргени айтылды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM