Биз менен байланышыңыз

Президент Жапаров юристтерди кесиптик күнү менен куттуктады

Кыска кабар | 25 Июн 2023 | 170 | 0

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 25-июнда өлкөнүн юристтерин кесиптик күнү менен куттуктады. Жапаров юристтердин эмгеги ар бир жарандын жашоосунда бардык тармактарында талап кылынарын белгилейт.

Экономиканы, мамлекеттик аппараттын, ишканалардын, бизнестин ишин, социалдык чөйрөнү укуктук колдоосуз жана коштоосуз элестетүү мүмкүн эмес.

Ал юристтер үчүн адилеттүүлүк кесиптик иштин негизги багыты болушу керектигин айтты.

“Моралдык, адеп-ахлактык баалуулуктарга, жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин коргоонун конституциялык кепилдиктерине таянып, биз адилеттүү мамлекетти курууга умтулабыз. Юристтердин кесипкөйлүк, активдүү жарандык позиция, кынтыксыз аброю мамлекетте жана коомдо туруктуулукту, укук тартибин чыңдоонун кепилдиги болот деп ишенем” , — деди Садыр Жапаров.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM