Биз менен байланышыңыз

Бишкектеги «Темир жолчулар» ооруканасында оңдоп-түзөө иштери жүрүүдө (сүрөт)

Ден соолук , Кыска кабар | 23 Июн 2023 | 1266 | 0

16-июнда Кыргызстандын саламаттыкты сактоо министри Гүлнара Баатырова жана президенттин кеңешчиси Сталбек Ахунбаев Бишкектеги «Темир жолчулар» ооруканасындагы оңдоп-түзөө иштеринин жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу эл аралык Жогорку медицина мектебинин жетекчилиги маалымдады.

Бул Кыргызстандын ЖОЖдоруна бекитилип берилген дарылоочу-профилактикалык мекемелерди жакшыртуу боюнча министрликтин буйругун аткаруу жана президент Садыр Жапаровдун демилгесинин негизинде ишке ашууда.

Министр аталган ооруканадагы жүрүп жаткан жана жасала турган иштердин оперативдүүлүгүн жогору баалап, эл аралык Жогорку медициналык мектептин жетекчилигине ыраазычылык билдирди.

Ошондой эле, министр Гүлнара Баатырова: «Мындай кадам медициналык инфраструктураны өнүктүрүүдө жана медициналык кызмат көрсөтүүнүн сапатын жогоруулатууда жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачып, Кыргызстандын калкына чоң көмөкчү болот», — деп кошумчалаган.

Эл аралык Жогорку медициналык мектеп билдиргендей, бул демилгени ишке ашырууда президент Садыр Жапаровдун ролу чоң. Президент медицина тармагынын инфраструктурасын модернизациялоого жана системаны жакшыртууга өзгөчө көңүл бурганын көрсөтүп турат.

Саламаттыкты сактоо министрлиги Кыргызстандын медициналык жогорку окуу жайлары менен биргеликте билим берүүчү мекемелердин абалын жакшыртуу, медициналык билимдин сапатын жогорулатуу жана медперсоналдардын квалификациясын жогорулатууда биргелешкен тыгыз кызматташтыкты жүргүзүп келет.

Бишкектеги «Темиржолчулар» ооруканасы эл аралык Жогорку медицина мектебине бекитилип берилген. Аталган окуу жай оорукананын инфраструктурасын жакшыртып, студенттердин практикалык тажрыйба топтоосуна жана пациенттердин сапаттуу медициналык кызмат алуусуна шарт түзүп келет.

Чолпон-Ата шаарында заманбап медициналык борбор ачылды

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM