Биз менен байланышыңыз

«Чет элдик агент» мыйзам долбоору парламентте каралат

Кыска кабар | 23 Июн 2023 | 157 | 0

Жогорку Кеңештин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитети 27-июндагы жыйынында «Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө» мыйзам долбоорун карайт.

Бул тууралуу парламенттин сайтына жазылды. Демилгечи депутат Надира Нарматова биринчи окууда баяндама жасайт.

2022-жылы «Ата журт — Кыргызстан» фракциясынын депутаты Надира Нарматова 2016-жылы каралып, колдоо таппай калган бейөкмөт уюмдарга «чет элдик агент» макамын берүүнү сунуштаган мыйзам долбоорун кайрадан демилгелеген.

Документте бейөкмөт уюмдардын ишмердүүлүгүн жана мамлекеттик каттоону жөнгө салган мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушталган.

Юристтер бул мыйзам долбоору өлкөдөгү сөз эркиндигине, жарандык жана саясий укуктарды жайылтуу менен алектенген бейөкмөт уюмдардын ишине коркунуч жаратарын белгилешет.

«Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө» мыйзамга жана «Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча» мыйзам долбоору Жогорку Кеңеште 19-майда каттоого алынган.

Мыйзам долбооруна демилгечи болгон топтон бир катар депутат чыгып кетти. Алар Эмил Жамгырчиев, Эмил Токтошев, Бактыбек Чойбеков, Шайлообек Атазов.

Депутат Атазов «чет элдик агент» мыйзамына демилгечи болуудан баш тартты

Copyright © 2017 Maral FM