Биз менен байланышыңыз

Жогорку Кеңеште өлкөдөгү туруктуу өнүгүү максаттарынын аткарылышы талкууланды

Саясат | 23 Июн 2023 | 330 | 0

Жогорку Кеңеште Кыргызстандын туруктуу өнүктүрүү максаттарын ишке ашырууга көмөктөш болгон эл аралык уюмдардын жардамы жана орду боюнча жумушчу топтун жыйыны өттү. Кыргызстандын өнүктүрүү программаларын ишке ашырууда алардын каржылык салым кошуп келгени, алардын колдоосу менен өлкө көп нерсеге жетишкени белгиленди. Жыйында депутат Чыңгыз Айдарбеков ошол эле учурда Кыргызстанда дагы көп маселелер чечилбей жатканын айтты.

«Быйыл күздө мамлекет башчыларынын деңгээлинде БУУнун саммитинин өтүүсү пландалып жатат. Бул өлкөбүз үчүн жыйынтык чыгарууга жана жетишкендиктерин көрсөтүүгө, мындан аркы пландарды жана кадамдарды талкуулоого мүмкүнчүлүк түзөт».  

Жакырчылыкты жоюу, социалдык интеграцияга жетишүү, глобалдык климаттын өзгөрүшүн токтотуу өңдүү бир катар максаттарды камтыган дүйнөлүк багыт тандалган. Бул жаатта 2015-жылдын сентябрында БУУнун курамына кирген 193 өлкө туруктуу өнүгүү максаттарына жетүү боюнча милдеттенмелерди алган.

Жыйында парламенттин төрагасы Нурланбек Шакиев өлкөдөгү жакырчылыкты жоюу, калктын саламаттыгын чыңдоо жана билим берүүнүн сапатын жогорулатуу маанилүү экенин белгилеп, ал боюнча аткарылган иштерге кыскача токтолду.

«Саламаттык сактоо жана билим берүү тармагы — экономиканын негизи. Белгилей кетсек, 2015-жылдан 2022-жылга чейин мектептердин саны 2218ден 2350гө көбөйүп, 132 мектеп ишке кирген. Андан сырткары 2017-2018-жылдары мектептерди китеп менен камсыздоо 74%ды түзсө, 2022-2023-окуу жылында 90%дан ашкан. Азыркы тапта мугалимдердин эмгек акылары көтөрүлүп, ИДПнын 7%ы бөлүнүүдө. Ушул тармактарга өзгөчө көңүл буруу менен калк турмушун алдыга жылдыра алабыз. Мындан тышкары суу ресурстарын сарамжал пайдалануу менен айлана-чөйрөнү коргоо негизги ролду ойнойт. Себеби ушул тапта дүйнөдөгү калктын 40%ы суудан жапа чегишет. Мындай көйгөй дагы да улана берет. Бул багытта Кыргызстан суу байлыгын сактоо, климаттык өзгөрүүлөрдү токтотуу, жашыл экономиканы өнүктүрүү боюнча маанилүү демилгелерди көтөрүп, эл аралык коомчулук менен биргеликте иш алып барууга кызыкдар». 

Ошондой эле ал туруктуу өнүктүрүү максаттарына байланышкан мыйзамдык базаны чыңдоо жана аткарылышын көзөмөлдөө жаатында Жогорку Кеңеш тынымсыз иш алып бара турганын кошумчалады.

Жогорку Кеңештин «Альянс» фракциясынын лидери Жанар Акаев туруктуу өнүктүрүүнүн 17 максаты болсо, анын бирөө сапаттуу билим берүү экенин белгилеп, Кыргызстандагы билим берүү тармагын реформалоонун маанилүүлүгү тууралуу баяндама жасады.

«Быйыл билим берүү тармагына 60 млрд сом каралган. Бирок бул бардык маселени чечпейт. Балдарыбыздын 76%ы мектепке чейинки билим берүүгө тартылган эмес. Учурда бала бакчанын жоктугунан балдардын 24%ы гана мектепке чейинки билим берүү мекемелерине барат. Бүгүнкү күндө 1800 бала бакча куруу зарыл. Биз жаңы мыйзам долбоорун иштеп чыктык, ал экинчи окууда кабыл алынды. Мыйзам долбоорунда мектепке чейинки билим берүү уюмдарын ачууда лицензиялоодон кабарлоо тартибине өтүү сунушталууда. Билим берүү мекемелерин каржылоонун ваучердик механизмин акырындык менен киргизүү сунушталууда».

Ал эми Кыргызстандагы суу маселеси тууралуу депутат Өмүрбек Бакиров баяндама жасады. Ал өлкөнүн айрым аймактарында таза суу маселеси курч экенин белгиледи. Ал калкты ичүүчү суу менен камсыздоо, экосистеманы коргоо чараларына, тиешелүү инфраструктураны модернизациялоо жана эл аралык уюмдар менен кызматташууну жакшыртуу маселелерине өзгөчө көңүл буруп, Кыргызстандын суу ресурстарын башкаруу тармагында комплекстүү мамиле зарыл экенин эскертти.

Бириккен Улуттар Уюму – эл аралык тынчтыкты, коопсуздукту колдоо жана бекемдөө, мамлекеттер аралык тынчтык кызматташтыгын өнүктүрүү максатында эгемен мамлекеттердин ыктыярдуу биригүүсүнүн негизинде түзүлгөн эл аралык уюм. 24-октябрь 1945-жылдан бери БУУнун түзүлгөн күнү катары белгиленет. Азыркы учурда БУУда 193 мамлекет мүчө болуп катталган. Кыргызстан Бириккен Улуттар Уюмуна 1992-жылы 2-мартта кабыл алынган.

Copyright © 2017 Maral FM