Connect with us

Баткен, Ош жана Жалал-Абаддагы окуяларда жабыркагандарга колдоо көрсөтүлөт

Кыска кабар | 22 Июн 2023 | 209 | 0

Бүгүн, 22-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар «Кыргыз Республикасынын социалдык камсыздоо чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» жана «2021-жылдын апрелинде жана 2022-жылдын сентябрында болуп өткөн окуялардын кесепетинен курман болгондордун үй-бүлө мүчөлөрүн жана жабыр тарткан жарандарды социалдык коргоо жөнүндө» мыйзам долбоорлорун биринчи окууда каралып, колдоо тапты.

Мыйзам долбоорлору боюнча Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министринин орун басары Нурдөөлөт Базарбаев баяндама жасады.

Анын айтымында, мыйзам долбоорлору 2021-жылдын 28-30-апрелинде Баткен облусунда жана 2022-жылдын 14-17-сентябрында Баткен жана Ош облустарында болгон окуяларда каза болгон жана жабыркаган жарандардын үй-бүлө мүчөлөрүнө мамлекеттик колдоону күчөтүүгө багытталган. Ошондой эле 2002-жылдын 17-18-мартында Жалал-Абад облусунун Аксы районунда жана 2010-жылдын апрель-июнь айларында болгон окуянын жабырлануучулары да камтылган.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM