Биз менен байланышыңыз

Парламент Адахан Мадумаровду жоопко тартууга макулдук берди

Кыска кабар | 22 Июн 2023 | 626 | 0

Жогорку Кеңеш «Бүтүн Кыргызстан» парламенттик фракциясынын лидери, депутат Адахан Мадумаровду жоопко тартууга уруксат берди.

Эске салсак, 31-майда башкы прокуратура Жогорку Кеңешке депутат Адахан Мадумаровду жоопко тартууга макулдук берүү боюнча сунуш киргизген. Андагы айтылган жагдайларды иликтеп чыгуу үчүн курамына Карим Ханджеза, Кундузбек Сулайманов, Миргүл Темирбаева, Гуля Кожокулова, Мурадил Сыдыков, Фарходбек Алимжанов, Мирлан Самыйкожо, Динара Ашимова кирген депутаттык комиссия түзүлгөн.

Маалым болгондой, депутаттык комиссия Адахан Мадумаровго коюлган төрт берененин бири – «кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу» боюнча кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берген. Ал эми Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча (кылмышка даярдануу, бийликти күч менен басып алуу, массалык баш аламандык уюштуруу) козголгон иштерге макул болгон эмес.

Ал эми жалпы жыйында 17 депутат «каршы», 61 депутат «макул» добуш берген.

«Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу» беренесинин 3-пунктунун негизинде айып тагылса, анда эсептелген чыгымдын 10 миңден 20 миңге чейинки эсесин төлөө же 5 жылдан 7 жылга чейин мүлктөрүн конфискациялоо менен эркиндигинен ажыратуу каралат. Ошондой эле белгилүү бир кызматтарды ээлөөгө үч жылга чейин тыюу салынат.

Айта кетсек, Башкы прокуратура 2022-жылдын февраль айында да Адахан Мадумаровду «чыккынчылык» беренеси менен айыптап, жоопко тартуу үчүн Жогорку Кеңешке сунуш киргизген. Депутаттык комиссия ишти бир ай карап чыгып, алардын корутундусунун негизинде парламент 9-мартта башкы прокурордун сунушун четке каккан.

Copyright © 2017 Maral FM