Жогорку Кеңештин 22-июндагы жыйынында «Ваучердик системага өтсөк, мамлекеттин казынасы көтөрө алабы?» деген маселе көтөрүлдү. Депутат Айбек Осмоновдун пикиринде, ваучер — эң керектүү система, бирок ага каражат жетпейт.
«Келечекте биз буга өтүшүбүз керек, азыр өтө албайбыз, себеби каржы министри акча бөлүп бере албайт. Өзүңөр билесиңер, биздин мектептерде нормадан эки эсе көп жүктөм менен окутушат. Эгер билимди колдосок, система жакшы болсун десек, ваучерди эксперимент кылбай, толук өтүшүбүз керек», — деди депутат Осмонов.
Жогорку Кеңештин 22-июндагы жыйынында «Билим берүү жөнүндө» бириктирилген мыйзам долбоорлору каралып, экинчи окууда колдоо тапты. Жыйынга катышкан 82 депутаттын 63ү долбоорду колдоду.
«Билим берүү жөнүндө» мыйзам долбоорунун демилгечилери — Жогорку Кеңештин депутаттары. Ал министрлик сунуштаган долбоор менен бириктирилген.
Сунушталып жаткан мыйзам долбоорунда билим берүүнү каржылоодо жогорку окуу жайларга жана мектептерге этап-этабы менен ваучердик системаны киргизүү, жеке бала бакчаларды ачууда лицензия берүү жагдайын жокко чыгаруу демилгеленген.
Өлкөгө ваучердик системаны киргизүү шартпы?