Биз менен байланышыңыз

Бишкек жана Чүйдө айрым борбордук көчөлөрдө кыймыл чектелет

Кыска кабар | 21 Июн 2023 | 151 | 0

21-23-июнь күндөрү Бишкек жана Чүйдө айрым көчөлөрдө унаа кыймылына маал-маалы менен чектөөлөр киргизилип турат. Бул күндөрү Германиянын президенти Франк-Вальтер Штайнмайердин Кыргызстанга расмий сапары ишке ашат.

Чүй облусунун жана Бишкек шаарынын төмөнкү борбордук көчөлөрү жабылат:

— «Манас» эл аралык аэропортунун жолу Бишкек шаарынын чегине чейин;
— Фучик көчөсү Бишкек шаарынын чегинен Жибек жолу көчөсүнө чейин;
— Жибек-Жолу көчөсү Фучик көчөсүнөн тарта чыгышты карай Жаш Гвардия бульварына чейинки бөлүгү;
— Жаш Гвардия бульвары түштүктү карай Жибек жолу көчөсүнөн тартып, кең Чүй көчөсүнө чейинки бөлүгү;
— Чүй көчөсү Жаш-Гвардия бульварынан тартып, чыгышты карай Манас көчөсүнө чейинки бөлүгү;
— Манас жана Ч.Айтматов көчөлөрү түштүктү карай, «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясына чейинки бөлүгү;
— «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясынан тарта «Ата-Бейит» мемориалдык комплексине чейин;
— Бишкек шаарынан чыгып, Бишкек-Нарын-Торугарт айланма жолу (Объездная дорога) аркылуу Токмок шаарына чейин.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM