Биз менен байланышыңыз

2023-жылдын аягында инфляциянын деңгээли 10%-12% деп болжолдонууда

Кыска кабар | 20 Июн 2023 | 239 | 0

2023-жылдын аягында инфляция (өткөн жылдын декабрына карата декабрь) 10%-12% тегерегинде болжолдонот. Бул тууралуу Улуттук банктын маалымат кызматы билдирди.

Учурдагы болжолдоодо бир катар коммуналдык кызматтардын тарифтеринин, ошондой эле Бишкек шаарында коомдук транспорттун жол киресинин жогорулоосу эске алынган.

Ошондой эле 2023-жылы Борбор Азия чөлкөмүндө акыркы беш жыл ичиндеги түшүмдүүлүк көрсөткүчтөрүнүн орточо деңгээлине салыштырмалуу түшүмдүн жогору болушу күтүлүүдө. «Бул азык-түлүк товарларынын баасынын өсүшүн кармап турууга шарт түзөт», — деп билдирет Улуттук банк.

Инфляциялык жагдай мамлекеттик органдардын жаңы тарифтерди кабыл алуусуна, ошондой эле сомдун АКШ долларына карата алмашуу курсунун динамикасына жараша түптөлөт.

Улуттук банк тышкы жана ички факторлордун инфляцияга тийгизген таасирине дайыма баа берип турарын жана экономикалык жагдайга жараша акча-кредит саясатынын тиешелүү чараларды көрө турганын да кошумчалаган. Андан сырткары кандайдыр бир тобокелдиктер пайда болгон учурда Улуттук банк учурдагы акча-кредит саясатына кошумча оңдоолорду киргизүү мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарбай турганы да айтылат.

Copyright © 2017 Maral FM