Биз менен байланышыңыз

Сокулукта жер маселесине байланыштуу эки адам кармалды

Кыска кабар | 16 Июн 2023 | 384 | 0

Сокулук районунун Жаңы-Пахта айыл аймагынын турак жай-коммуналдык чарба бөлүмүнүн адиси И.Х. жана аталган айылдын тургуну А.К. кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен кабарлашты.

Аларга Кылмыш-жаза кодексинин 379-беренеси (документ жасоо) жана 209-беренеси (алдамчылык) боюнча айып тагылды.

Бул факты боюнча УКМК тарабынан кылмыш иши козголуп, анын алкагында аталган адамдар жасалма документтерди жасап, жалпы аянты 13 гектардан ашык айыл чарба багытындагы жер тилкелерин мыйзамсыз каттап алышканы аныкталган, муну менен алар мамлекетке 7 млн сом зыян келтирген.

15-июнда Сокулук районунун Жаңы-Пахта а/а адиси И.Х. жана аталган айылдын тургуну А.К. Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык, УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда козголгон кылмыш ишинин алкагында башка тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча тергөө жүргүзүлүүдө.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM