Кыргызгидромет борбору билдиргендей, эртең, 16-июнда Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Ош, Жалал-Абад, Чүй, Талас, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн 16…21, күндүз 32…37;
Талас облусунда түнкүсүн 12…17, күндүз 31…36;
Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 18…23, күндүз 34…39;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 9…14, күндүз 23…28;
Нарын облусунда түнкүсүн 6…11, күндүз 22…27;
Бишкекте жаан-чачын болбойт. Абанын түнкү температурасы 16…18, күндүзгү температурасы 34…36 градус болот.