Биз менен байланышыңыз

Нарматова: «МедиаХабдын» журналистин сотко берем (видео)

Кыска кабар | 15 Июн 2023 | 130 | 0

Бүгүн, 15-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Надира Нарматова «Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө» мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү сунуштаган долбоордун негизги максатын түшүндүрдү.

Анын айтымында, мыйзам долбоорунда адам укуктарына жана сөз эркиндигине шек келтирилбейт. Бул мыйзамдын негизи максаты: бейөкмөт уюмдарга сырттан келип жаткан каражаттардын, сырттан келген өкүлдөрүнүн өлкө ичинде жүргөнү боюнча ачык маалымат берип, өлкө ичиндеги тартипти, коопсуздукту камсыз кылуу.

«Тилекке каршы, учурда жеке аброюма шек келтирип, Асел Шамилова деген журналист Али Токтакуновдун Ютуб-каналынан үй-бүлөмө, көзү өткөн балама чейин жалаа жаап, саясий ордума шек келтирип күнөөлөптүр. Мен: «Мамлекетте тартип болсун, көзөмөл болсун, келген каражаттары кандай максатта иштетилип жатат, аларды ачык элге көрсөтүп, мамлекет тарабынан көзөмөл болсун» деп жатам. Мен артка кайтпайм, буюрса мекенчил депутаттар бул мыйзам долбоорун сөзсүз колдоп берет. Себеби биздин мамлекетте темирдей тартип болушу керек. Бул жерде сөз эркиндигине эч ким тыюу салган жок. Менин аброюма шек келтирген Асел Шамилованы мыйзам чегинде сотко берем. Ал менин коррупционер болгонумду тактап берсин. Мен 2020-жылы өткөн шайлоого катышкан эмесмин. Мен — 45 айылга трансформатор койдуруп берген, эл үчүн иштеген адаммын, мыйзам алдында, Кудай алдында тазамын», — деди ал.

Мындан сырткары бейөкмөт уюмдар тарабынан каралоолор болуп жатканын билдирип, ага карабастан ишин уланта турганын эскертти.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM