Биз менен байланышыңыз

Икрамов: «Аманаткурулуш» Баткендеги 24 ишкердин акчасын бербей жүрөт (видео)

Кыска кабар | 15 Июн 2023 | 397 | 0

Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында депутат Тазабек Икрамов Баткендеги 24 ишкердин кайрылуусу боюнча билдирди.

Анын айтымында, өткөн жылы Баткенде кыргыз-тажик чек арасындагы акыркы куралдуу кол салуудан кыйраган үйлөрдү курган «Аманаткурулуш» компаниясы жергиликтүү 24 ишкерден курулуш материалдарын карызга алып, бүгүнкү күнгө чейин акчасын төлөбөй жүрөт. Бул тууралуу нааразычылык билдирген ишкерлер депутатка жардам сурап кайрылышкан.

Ишкерлерден насыяга алынган курулуш материалдарынын жалпы суммасы 19 млн 680 миң 327 сомду түзгөн. Эң көп Манас Абдыкаров деген ишкер 8,5 млн сомдук карызга товар берген.

Депутат бул маселе боюнча төраганын орун басарына кайрылып, ишкерлердин маселесин тез арада чечип берүүсүн суранды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM