Биз менен байланышыңыз

Нарматова туризм боюнча мамлекеттик агенттик түзүүнү сунуштады

Кыска кабар | 15 Июн 2023 | 203 | 0

Бүгүн, 15-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Надира Нарматова туризм тармагындагы маселелерди көтөрүп, мамлекеттик агенттик түзүүнү сунуштады.

«Кыргызстан 22 түрдүү экосистемага ээ болгон олуттуу рекреациялык потенциалы бар өлкө. Ички жана эл аралык туризмди өнүктүрүүгө чоң мүмкүнчүлүктөрүбүз бар. Кыргызстанда 5000ден ашык тарыхый эстелик табылган. Тоо туризми жана альпинизмди өнүктүрүүгө чоң мүмкүнчүлүктөр турат», — деди ал.

Эл өкүлү Кыргызстанда туризмди өнүктүрүү максатында Туризмди колдоо фонду түзүлгөнүн белгилеп, бирок каражат максатсыз колдонулганын айтты. Жогорку Кеңештин тармактык комитеттеринин алкагында туризм жөнүндө мыйзам долбоорун иштеп чыгуу үчүн жумуш тобун түзүүнү сунуштады.

«Туризмди өнүктүрүү фондуна 1 млрд сом бөлүнгөн эле, бирок акча таланып-тонолуп кеткенине учурда ал фонддун жетекчиси жоопкерчиликке тартылып жатканы далил болуп турат. 14 кызматкер иштеген Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты боюнча департамент бар. Бул чоң тармакты 14 кызматкер менен өнүктүрүү мүмкүн эмес. Бүгүнкү күндө туризм тармагында так, өз ара аракеттешүү деген жок. Буга байланыштуу бирдиктүү саясатты жана программаны иштеп чыгып, туризм боюнча мамлекеттик агенттик түзүүнү сунуштайм», — деп белгиледи депутат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM