Биз менен байланышыңыз

Баткенде 4% үстөк менен ипотекалык үйлөр берилет

Кыска кабар | 15 Июн 2023 | 292 | 0

Мамлекеттик ипотекалык компания, Баткен облустук курулуш жана инженердин инфраструктура башкармалыгы, Баткен районунун Ак-Сай айыл аймагы менен ипотекалык үйлөрдү куруу боюнча үч тараптуу келишимге кол коюшту. Бул тууралуу Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 20 турак үй Баткен районун Ак-Сай айыл аймагынын Таш-Дөбө участкасына курулат. Алар жери 12 сотыхтан болгон жер тамдар болот.

Ушундай эле 29 үй Лейлек районунун Кулунду айыл аймагына да курулат.

Мамлекеттик ипотека 25 жылга 4% менен берилет. Бул үйлөрдү турак жайы жок, муктаж жарандар ала алат. Учурда документтештирүү иштери жүрүүдө.

Күз айларында курулушту баштап, 2024-жылга үйлөрдү пайдаланууга берүү пландалууда.

Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнү биринчи орун басары Маруфхан Тулаев бул иш аракеттин максаты чек ара аймактарындагы турак жайы жок үй-бүлөлөрдүн муктаждыгын чечүүгө көмөктөшүү экенин белгилеп, облуста алгачкы ирет ишке ашып жаткан долбоордун ишине ийгилик каалады.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM