Биз менен байланышыңыз

Баткен жана Согди облусунун башчылары жолугушту

Кыска кабар | 14 Июн 2023 | 189 | 0

Бүгүн, 14-июнда Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев менен Согди облусунун аткаруу бийлигинин төрагасы Раджоббой Ахмадзода жолугушту.

Жолугушууга Баткен жана Согди облусунун чектеш райондорунун акимдери жана күч түзүмдөрүнүн жетекчилери да катышты.

Жетекчилер акыркы бир айдын ичиндеги чек арадагы кырдаалды талкуулашты.

Ошондой эле, эки облустун деңгээлинде түзүлгөн жумушчу топтордун, белгиленген багыттар боюнча иш аракетин улантуусу белгиленди.

Жолугушууга Чек ара кызматынын төрагасы Уларбек Шаршеев жана Тажикстандын Чек ара кызматынын башчысы Ражабали Рахмонали да катышып, өз багыттары боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.

Тараптардын жолугушуусу биринчи кезекте чек ара аймактарында тынчтыкты сактоо, коопсуздукту камсыздоо максатын көздөйт.

Жолугушуу Кыргызстан менен Тажикстандын чектеш аймагында өттү.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM