Биз менен байланышыңыз

Кыргызстандагы беш имаратка стратегиялык статус берилди

Кыска кабар | 13 Июн 2023 | 321 | 0

Бишкекте президент Садыр Жапаровдун төрагалыгы астында өткөн Коопсуздук кеңешинин жыйынынын жыйынтыгында бир катар имараттар стратегиялык жайлардын тизмесине кирди.

Алар:

  1. «Учкун» басмаканасы — улуттук паспорт сыяктуу маанилүү документтер басылып чыкчу жай;
  2. Раззаков аэропорту — улуттук коопсуздукка түз тиешеси бар, Баткен эли үчүн маанилүү тиричилик объекти;
  3. «Гознак» ЖЧКсы — мамлекеттик маанидеги документтерди даярдайт;
  4. Башкы прокуратуранын маалыматтык автоматтык тутумдары жайгашкан имараттары — маалыматтык коопсуздукту камсыздоо зарыл;
  5. Жалал-Абад шаарындагы учкучсуз учактар аэродрому.

Copyright © 2017 Maral FM