Биз менен байланышыңыз

Таласта жер сатууга шектелген үч мамлекеттик кызматкер кармалды

Кыска кабар | 13 Июн 2023 | 368 | 0

Талас облусунда мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

УКМКга Талас районунун Акматбек Нуржанов айыл аймагынан бир катар жерлер мыйзамсыз жеке менчикке берилип кеткени тууралуу маалымат түшкөн. Анын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 2-бөлүгү (кызмат абалынан кыянат пайдалануу) менен иш ачылып, иликтөө башталган.

Иликтөөнүн жүрүшүндө айтылган факты аныкталып, кылмышка шектүү катары Талас райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын жеке турак-жай куруу бөлүмүнүн башчысы Т.А.А., «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин Талас райондук бөлүмүнүн жерге жайгаштыруучусу Ж.А.М., Талас районунун Нуржанов айыл аймагынын жер адиси И.К.К. кармалып, Талас ОИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Адистердин айтымында, бул аймактагы 15 сотых жер тилке 1 миллион 300 миң сомго бааланат. Учурда зыяндын жалпы суммасын тактоо, шектүүлөрдү суракка алуу жүрүп жатат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM