Биз менен байланышыңыз

Баткенде курман болгон 37 чек арачынын үй-бүлөсүнө кенемте төлөндү (видео)

Кыска кабар | 13 Июн 2023 | 1630 | 0

Кыргыз-тажик чек арасында курман болгон 37 чек арачынын үй-бүлөсүнө кенемте төлөндү.

Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынын төрагасы Уларбек Шаршеев бүгүн, 13-июнда өткөн Коопсуздук кеңешинин жыйынында билдирди.

Бул боюнча президент Садыр Жапаров комментарий берип, өлкө үчүн өмүрүн берүүгө даяр чек арачылардан эч нерсе аябоого чакырып, ар кандай жаракат алгандарга да көңүл бурууну тапшырды.

2022-жылдын 14-17-сентябрындагы чек ара окуясында 62 кыргызстандык шейит кетип, 200гө жакын адам ар кандай жараат алды. 600дөн ашык коомдук имарат жана турак үй өрттөлүп, талкаланган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM