Connect with us

Жапаров: Коргонуу жөндөмүн бекемдөө бир топ маселени чечет

Кыска кабар | 13 Июн 2023 | 208 | 0

Эл аралык террористтик жана экстремисттик уюмдардын активдүү ишмердиги Борбор Азия аймагындагы бардык мамлекет үчүн коркунуч булагы бойдон калууда. Мамлекеттер аралык мамилелер жана аймактар аралык байланыштар системасында түзүлгөн карама-каршылыктар фонунда ал күч алып жатат. Мындай пикирин президент Садыр Жапаров Коопсуздук кеңешинин жыйынында билдирди.

Мамлекет башчысынын айтымында, геосаясий кызыкчылыктардын кагылышы, дүйнөлүк алдыңкы державалардын жана аскердик-саясий блоктордун ортосундагы карама-каршылыктардын күчөшү өлкөлөр ортосундагы өз ара ишенимге доо кетирип, кризис жаратып, дүйнөлүк экономикага да таасирин тийгизет.

«Өлкөлөрүбүздүн отун-энергетикалык импортко көз карандылык шарттарында аймактагы суу-энергетикалык көйгөйлөрдүн курчушу региондогу туруктуулукка терс таасир тийгизүүчү факторлордун бири болуп калды. Мен белгилеп өткөн жана көптөгөн башка коркунучтар бизге жыл сайын, ай сайын, керек болсо күн сайын чакырык таштап, биздин мамлекетибиздин бекемдигин текшерип жатат. Бул көйгөйлөрдү чечүү жана мамлекетибиздин коргонуу жөндөмдүүлүгүн бекемдөө үчүн комплекстүү мамиле кылуу зарыл», — деди ал.

Ал өлкөнүн коргонуу жөндөмүн камсыз кылуудагы саясатты ырааттуу жана так жүргүзүү мамлекетти тышкы коркунучтардан эле сактабастан, ички туруктуулукту чыңдап, өлкөнүн экономикалык жана руханий адеп-ахлактык деңгээлин бекемдей турганын белгиледи.

Ошондой эле анын натыйжасында Кыргызстан бүтүндөй Борбор Азия аймагын өнүктүрүү саясатын аныктоодо алдыңкы ролдордун бирин ээлеп калышына негиз болуп кала турганын айтты.

Мындан сыркары өлкөнүн өлкөнүн коргоонусун өнүктүрүүдө материалдык-техникалык инфратүзүм, тийиштүү илимий изилдөөлөр, заманбап илимий-техникалык жетишкендиктер жана маалыматтык технология маанилүү экендигине токтолду.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM