Жогорку Кеңештин 7-июндагы жыйынында депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып, санариптик өнүктүрүү министринин орун басары Жазгүл Кийизбаева Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети интернет трафигин анализдеп, статистикалык маалыматтарды чогулта турган DPI (Deep Packet Inspection) технологиясын орнотуп жатканын, ал августтан тарта ишке кириши мүмкүн экенин айткан.
«Улуттук коопсуздук мамлекеттик комиттети DPI (Deep Packet Inspection) технологиясынын, операторлордун жардамы менен маалыматтарды блоктоп койсо болот экен. Ал август айынын баштап ишке кириши мүмкүн. Бизге бул маалымат жашыруун экенин айтышты».
Бул жаатта УКМКга кайрылып, бирок алардан жооп алууга мүмкүн болгон жок.
Кийизбаева сөз кылган DPI (Deep Packet Inspection), кыргызча айтканда, «Топтомдорду кылдат текшерүү» системасы боюнча IT-адис Сүйүн Дастанов бизге буларды баяндап берди:
«DPI функциясы киргенден кийин кандай материалды кимге жөнөтүп жатканыңды алдын ала текшерсе болот. Бул бир адамдын иши эмес, автоматтык түрдө текшерилет. Мисалы, видео жүктөлгөн папка болсо, анын ичиндеги туура эмес видеолорду алдын ала блоктоп коё алат. Бул система көптөгөн өнүккөн мамлекеттерде иштейт. Маселе аны ким, кандай максатта колдонгонунда жатат».
Андан тышкары DPI системасы көп тармактуу экенин кошумчалады.
«Мисалы, интернет траффиги боюнча айтсак, ким интернетти көп колдонсо, ошол адамга интернеттин күчүн ылдам же жай кылса болот. Ошондой эле ким кайсы платформаны колдоноруна, эмне кылып жатканына чейин текшерүүгө болот. Мисалы, азыр Ютуб, Гугл жана башка соцтармактарды кимдер колдонгону гана белгилүү болсо, DPI системасы менен ким кандай видео көрүп, кимге бөлүшкөнүнө чейин көрүүгө болот. Андан сырткары ар кандай жарнамалардын чыгуусуна да чек коюп, өздөрү каалаган жергиликтүү жарнамаларды чыгара алат».
Бул система экстремизм, терроризм менен күрөшүү үчүн да колдонулганын айтышат адистер. Дагы бир мүмкүнчүлүгү видео, фотолордун интернет айдыңында автордук укуктарын коргоого да көмөкчү болот.
Медиаэксперт Асел Сооронбаева эгер УКМК аны экстремизм, терроризм менен күрөшүүгө колдонсо жакшы экенин, бирок сөз эркиндигин чектөөгө колдонсо, абал башкача болорун айтат.
«Мамлекеттик орган демилге көтөрүп жаткан жараян — таптакыр башка. Бул «өзүнө ыңгайлуу жана ыңгайсыз контенттерди бөгөттөй алам» деген максатта ишке ашырылып жатат. Албетте, муну сөз эркиндигине болгон кысым катары кабыл алса болот. Маалыматты чыпкалоо «ыңгайлуу нерселерди алып калып, ыңгайсыз нерселерди алып салуу» дегенди билдирет. Азыркы учурда эркин журналисттерди, сөз эркиндигин бардык жагынан кысымга алып келип жатат».
Белгилей кетсек, Кыргызстанда дүйнөгө белгилүү социалдык тармактар чектөөгө алынган эмес. Мисалы, «Ютубду» 3 миллионго жакын, «Инстаграмды» 1 миллионго жакын кыргызстандык колдонот, «Фейсбуктагы» активдүү кыргызстандыктар 700 миңди чамалайт. Ошол эле учурда Кыргызстан интернеттин ылдамдыгы жана арзандыгы боюнча кошуна өлкөлөрдөн бир топ алдыда турат.
Мурдагы КМШ өлкөлөрүн алып карасак, Түркмөнстанда дээрлик бардык социалдык тармак, интернет мамлекет тарабынан чектөөгө алынган. Орусияда «Ютуб», «Инстаграм», «Фейсбук» социалдык тармактары жабылган. Өзбекстан мурда интернетти чектеп келсе, учурда интернет колдонуу бир кыйла эркин. Анткени менен мурункудай эле өтө жай иштейт.