Биз менен байланышыңыз

Сот депутат Бакиров жеңген округдагы шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарды

Кыска кабар | 9 Июн 2023 | 395 | 0

Бишкек шаарынын административдик соту 7-июндагы чечими менен №4 Көк-Жар округундагы шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарды. Бул тууралуу аталган соттун басма сөз кызматы «Маралга» тастыктады.

Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлү Р.Р. депутат Өмүрбек Бакировду мандатынан ажыратуу боюнча сотко арызданган.

Сот арызды негиздүү деп таап, Борбордук шайлоо комиссиясынын «Көк-Жар округунда шайлоо өттү», ошондой эле «Өмүрбек Бакировду №4 Көк-Жар округунан шайланган Жогорку Кеңештин депутаты деп таануу жөнүндө» деген чечимдерин жокко чыгарган.

2021-жылдын ноябрь айында Өмүрбек Бакировдун шайлоо штабынын жетекчисине добуш сатып алуу боюнча айып тагылган.

Жогоруда айтылган Равшанбек Рысбаев 2022-жылдын декабрында сотко кайрылып, Өмүрбек Бакиров шайлоодо добуш сатып алганын айтып, мандатын жокко чыгарууну талап кылган.

Депутат Бакиров мандатын жокко чыгаруу аракети болуп жатканын билдирди

Copyright © 2017 Maral FM