Биз менен байланышыңыз

Депутат Бакиров мандатын жокко чыгаруу аракети болуп жатканын билдирди

Кыска кабар | 14 Дек 2022 | 480 | 0

Бишкек административдик соту Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Бакировго мандат берилишинин мыйзамдуулугун кароо чечимин чыгарды. Бул тууралуу депутат «Маралга» тастыктады.

Анын айтымында, буга чейин экс-депутат Равшанбек Рысбаев сотко арыз менен кайрылган.

«Ал мага мандат берүү чечимин кайра кароону талап кылды. Иштин материалдары үч инстанцияда каралып, мандатты мыйзамдуу алганым далилденди. 12-декабрда шаардык сот анын ишин кайра кароону чечти. Бул иш боюнча териштирүү болот», — деп билдирген Бакиров.

Депутат Бакиров ар тараптан саясий кысым болуп жатканын айтты

Жогорку Кеңештин 17-ноябрдагы жыйынында кыргыз-өзбек чек арасына байланыштуу келишимдер талкууланып, жактырылган. Ага 19 депутат каршы добуш берген. Бул жыйында талкуу маалында депутат Өмүрбек Бакиров менен УКМКнын жетекчиси Камчыбек Ташиев айтыша кеткен. Кийин Бакиров Жогорку Кеңештеги иш бөлмөсүнөн чыгарылган. Ага башка бөлмө берилери айтылган.

Эл өкүлдөрү кесиптешине жасалган мындай мамилеге нааразылык билдирип, спикер Нурланбек Шакиевди депутаттардын укугун коргой албай жатканын айтып, сындашкан.

Бакировдун иш бөлмөсүнөн чыгарышы боюнча комиссия түзүлүп, бул мыйзамсыз аракет деген бүтүм чыккан.

Өмүрбек Бакиров 1978-жылы Ош облусуна караштуу Араван районунун Төө-Моюн айылында туулган.

Жогорку билимдүү. 2001-жылы Кыргыз-өзбек университетинин “Финансы жана кредит” факультетин аяктаган.

Эмгек жолун 2001-жылы жеке ишкер катары баштаган.

2008-2010-жылдары АК «Гаранттын» директору;

2010-2011-жылдары Жогорку Кеңештин төрагасынын жардамчысы болгон.

2011-2015-жылдары Жогорку Кеңештин V чакырылышынын депутаты;

2018-жылы 29-ноябрда ААК «Кыргызтелекомдун» төрагасынын кеңешчиси болуп дайындалган;

2021-жылы Ош облусундагы Ноокат районундагы бир мандаттуу №4 Көк-Жар айылдык шайлоо округунан Жогорку Кеңешке депутат болуп шайланган. Учурда «Элдик» депутаттар тобунда.

Copyright © 2017 Maral FM