Биз менен байланышыңыз

Депутат Бакиров ар тараптан саясий кысым болуп жатканын айтты

Кыска кабар | 20 Ноя 2022 | 1305 | 0

Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Бакиров ПолитКлиника медиасынын ютуб каналына курган маегинде өзүнө карата саясий кысым болуп жатканын айтты.

«Бүгүн эле мага маалыматтар келди, Жаңы-Ноокаттан өзбек туугандарды алып чыгып, чөнтөгүнө баңги салып, диний уюмдардын китептерин үйүнө таштап, «Бакировго каршы көрсөтмө бербесең мына ушул беренелер боюнча камаласың» деген коркутуу-үркүтүүлөр жүрүп жатыптыр. Ар тараптан саясий кысымдар болуп жатат» , — деди депутат.

Ал кыргыз-өзбек чек арасына байланыштуу эки тараптуу келишимдерди ратификациялоону колдоо ниети болгонун айтты. Бирок күмөн жараткан суроолорду тактап алууга укугу бар экенин эске салды.

«Башында айтып аттым, колдоп берем деп жаттым. Талкуу маалында мен суроомо толук жооп ала алган жокмун, коркутуу-үркүтүүлөр болду, ошондон кийин келишимди колдойбуз деп турган көптөгөн депутаттар да ойлорун өзгөртүштү» , — деди Бакиров.

Өмүрбек Бакировдун Жогорку Кеңештеги кызматтык бөлмөсү алмаштырылган. Ал 7-кабаттагы бөлмөсүнөн чыгарылып, башка бөлмө берилгени тууралуу сүрөт, видеолор социалдык тармактарга тараган.

17-ноябрда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Өмүрбек Бакиров менен УКМКнын жетекчиси Камчыбек Ташиев айтыша кеткен. Бакиров Ташиевге кыргыз-өзбек чек арасындагы Керкедан аймагы боюнча суроо узаткан.

Экөө айтышып жаткан учурда залда отурган «Ата журт-Кыргызстан» фракциясынын депутаты Фархад Исмаилов Бакировго карай жулкунуп, башка депутаттар да чогулуп, кесиптештерин арачалап калышкан.

Жогорку Кеңеш ал жыйында кыргыз-өзбек чек арасынын айрым тилкелерин делимитациялоо боюнча келишимди ратификациялоо жөнүндөгү мыйзам долбоорун дароо үч окууда карап, кабыл алган.

Copyright © 2017 Maral FM