Биз менен байланышыңыз

Министр Кулубаев түркиялык кесиптешин Кыргызстанга чакырды

Кыска кабар | 9 Июн 2023 | 103 | 0

Кыргызстандын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев 9-июнда Түркиянын жаңы шайланган тышкы иштер министри Хакан Фидан менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Жээнбек Кулубаев кеситешин Түркиянын тышкы иштер министри кызматына дайындалышы менен куттуктап, эки тараптуу мамилелерди, стратегиялык кызматташтыктын күн тартибин талкуулашты.

Министр түркиялык кесиптешин Кыргызстанга расмий сапар менен келип кетүүгө чакырды.

Кыргыз-түрк министрлери жакында биргелешкен стратегиялык пландоо тобунун кезектеги жыйынын өткөрүү, башка иш сапарларды уюштурууга макулдашышты.

Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган 28-майдагы президенттик шайлоонун экинчи турунда утуп чыккандан кийин өкмөттү алмаштырган. Анда Мевлюд Чавушоглунун ордуна Хакан Фидан Түркиянын тышкы мамилесинин тизгинин колго алган.

Хакан Фидан 55 жашта. Буга чейин 13 жыл Улуттук чалгындоо кызматын (МИТ), андан мурун Түрк ишкерлерин координациялоо агенттигин (ТИКА) жетектеген. АКШнын Мэриленд университетинде башкаруу жана саясий илимдер боюнча билим алып, докторлугун жактаган.

Атайын кызматтын жетекчилигине 42 жашында дайындалып, эң узак башкарган жетекчи болгон.

Түрк өкмөтүндөгү жаңылануу: Мехмет Шимшек жана Хакан Фидан ким?

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM