Биз менен байланышыңыз

Түрк өкмөтүндөгү жаңылануу: Мехмет Шимшек жана Хакан Фидан ким?

Блог , Дүйнө | 6 Июн 2023 | 294 | 0

Түркияда президент шайлангандан кийин, жаңы өкмөттүн курамы бекитилди. Түркия өкмөтүнүн жаңы курамы кимдер экенине жана айрым министрлердин айланасындагы талкууга көз чаптырып көрөлү.

Түркиянын кайрадан шайланган президенти Режеп Тайып Эрдоган өткөн жуманын аягында Министрлер кабинетинин жаңы курамын жарыялады. Анда саламаттыкты сактоо министри Фахреттин Кожа менен маданият жана туризм министри Мехмет Нури Эрсой гана мурдагы ордунда калган. Калган министрлердин баары жаңы дайындалды.

Алар:

• Жевдет Йылмаз, вице-президент, министрлер кабинетинин төрагасы
• Йылмаз Тунч, юстиция министри
• Махинур Өздемир Гөкташ, үй-бүлө жана социалдык кызматтар министри
• Ведат Ышыкан, эмгек жана социалдык коргоо министри
• Мехмет Өжасеки, айлана-чөйрө, урбанизация жана аба ырайы министри
• Хакан Фидан, тышкы иштер министри
• Алпарслан Байрактар, энергетика жана жаратылыш ресурстары министри
• Осман Ашкынбак, жаштар иштери жана спорт министри
• Мехмет Шимшек, каржы министри
• Али Ерликая, ички иштер министри
• Мехмет Нури Эрсой, маданият жана туризм министри (ордунда калды)
• Юсуф Текин, билим берүү министри
• Яшар Гүлер, коргоо министри
• Фахреттин Кожа, саламаттыкты сактоо министри (ордунда калды)
• Мехмет Фатих Кажыр, өнөр жай жана технология министри
• Ибрахим Юмаклы, айыл чарба жана токой чарба министри
• Өмер Болат, соода министри
• Абдулкадыр Уралоглу, транспорт жана инфратүзүм министри

Бул жерде бир катар эл аралык ЖМКлардын көңүлүн бурган жагдай, Түркиянын тышкы иштер министринин алмашуусу болду. Буга чейин бул кызматты Мевлюд Чавушоглу жетектеп келсе, эми Түркиянын тышкы мамилесинин тизгини Хакан Фиданга тийди.

Хакан Фидан тууралуу айта турган болсок, ал 55 жашта. Буга чейин 13 жыл Улуттук чалгындоо кызматын (МИТ), андан мурун Түрк ишкерлерин координациялоо агенттигин (ТИКА) жетектеген. АКШнын Мэриленд университетинде башкаруу жана саясий илимдер боюнча билим алып, докторлугун жактаган.

Атайын кызматтын жетекчилигине 42 жашында дайындалганда, бир катар сындар айтылган. Бирок ал ошол кызматты эң узак жана ийгиликтүү аркалаган жетекчи болгонун жазышууда айрым түрк басылмалары.

Атайын кызматтын башчысы болгондуктан, медиага көп чыккан эмес. Ал эми акыркы учурларда түрк президенти Эрдоган сырткы сапарларында дайыма Хакан Фиданды ээрчитип жүргөнү байкалган. Мындан улам айрым басылмалар аны «Эрдогандын мураскору болушу мүмкүн» деген божомолдорду да жазып жиберди.

Хакан Фидандын Тышкы иштер министрлигине дайындалышын Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев да куттуктап, кызматташууга дилгир экенин билдирген.

Түрк өкмөтүнүн курамындагы эң көп талкууланган дагы бир персона – каржы министри Мехмет Шимшек. Ал Адилет жана өнүгүү партиясынын (АК партия) экономикалык саясатынын негизги кадрларынын бири болгон.

2007-жылдан 2018-жылга чейин депутат, экономика министри, каржы министри, өкмөт башчынын жардамчысы кызматтарын аркалаган. Бул жылдар түрк экономикасы күчтөнгөн мезгил болуп эсептелет. Андан соң саясаттан четтеп, азыркыга чейин Лондондо жашап келген. Билими тууралуу айтсак, Түркиядагы Анкара университетинин бүтүрүүчүсү. Магистрдик даражасын чет жактан аяктаган, англис тилинде эркин сүйлөйт.

Мехмет Шимшектин кайрадан түрк өкмөтүнө кызматка келүүсү үчүн учурдагы президент Эрдоган өтө узак сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөнү айтылууда. Мехмет Шимшек буга чейин күрттөр эң көп жашаган аймактардын бири Газиантептен депутат да болуп шайланган. Мындан улам анын саясатта өз салмагы бар экени айтылууда.

Жаңы каржы министри — Түркияда учурда болуп жаткан инфляцияны жоюу үчүн Улуттук банк аркылуу эсептик ченди жогорулатууну сунуштагандардын бири. Алдын ала божомолдор боюнча Мехмет Шимшек инфляция менен күрөшүүдө экономика илиминдеги классикалык ыкмаларды колдонуу ыктымалы жогору.

Ал эми тышкы иштер министри болгон Хакан Фидандын ордуна Улуттук чалгындоо кызматынын жетекчиси болуп Ибрахим Калын дайындалды. Ибрахим Калын буга чейин Түркия президенти Эрдогандын кеңешчиси, басма сөз катчысы болгон. Ал Хакан Фидандан айырмаланып, медиага көп чыгат, журналисттердин суроолоруна ачык жооп берип жүрөт. Айрыкча ал кеңешчи жана басма сөз катчы болгондон сырткары илимий макалалары, университеттерде өткөн дарстары менен да белгилүү.

Ибрахим Калын Стамбулда төрөлгөн. Учурда 51 жашта. Стамбул университетинен билим алып, магистратурасын Малайзияда окуган. Академиялык карьерасын Вашингтон университетинде уланткан. Адабият бөлүмүнүн бүтүрүүчүсү, ошондой эле Ислам философиясы жаатында бир катар илимий макалаларды жазган.

Жалпылап айта турган болсок, Түркиядагы жаңы түзүлгөн өкмөттүн басымдуу бөлүгү башкаруучу АК партиянын 2009-жылдардагы активдүү мүчөлөрү, ошол кездеги өкмөттө жакшы жыйынтык көрсөткөндөр экени айтылууда.

Белгилей кетсек, Түркияда Режеп Тайып Эрдоган 28-майда өткөн экинчи турда Түркиянын президенти болуп шайланган. 3-июнда ант берип, кызматына расмий киришкен. Ант берүү салтанатына Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров да катышкан.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM