Эртең, 10-июнда түнкүсүн өлкө аймактарында жаан-чачын болбойт. Күндүз Чүй, Талас, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Ош облусунун тоолуу райондорунда өткүн өтүшү мүмкүн. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +19…+24, күндүз +31…+36,
Талас облусунда түнкүсүн +14…+19, күндүз +29…+34,
Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында түнкүсүн +20…+25, күндүз +33…+38,
Ысык-Көл дубанында түнкүсүн +13…+15, күндүз +25…+30,
Нарын облусунда түнкүсүн +7…+12, күндүз +25…+30.
Бишкекте кечке маал өткүн өтүшү мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн +21…+23, күндүз +33…+35 градус болот.