Марал Радиосу

10-июнга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Эртең, 10-июнда түнкүсүн өлкө аймактарында жаан-чачын болбойт. Күндүз Чүй, Талас, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Ош облусунун тоолуу райондорунда өткүн өтүшү мүмкүн. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы: 

Чүй облусунда түнкүсүн +19…+24, күндүз +31…+36,

Талас облусунда түнкүсүн +14…+19, күндүз +29…+34,

Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында түнкүсүн +20…+25, күндүз +33…+38,

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн +13…+15, күндүз +25…+30,

Нарын облусунда түнкүсүн +7…+12, күндүз +25…+30.

Бишкекте кечке маал өткүн өтүшү мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн +21…+23, күндүз +33…+35 градус болот.

Exit mobile version