Биз менен байланышыңыз

«Билим берүү жөнүндө» өкмөт менен депутаттардын мыйзам долбоору бириктирилет

Кыска кабар | 8 Июн 2023 | 229 | 0

Бүгүн, 8-июндагы Жогорку Кеңештин жыйынында 31 депутат демилгелеген «Билим берүү жөнүндө» мыйзам долбоору жана Министрлер кабинетинин төрагасы тарабынан демилгеленген ушундай эле мыйзам долбоору биринчи окууда каралды.

Жыйында демилгечилердин бири депутат Жанарбек Акаев баяндама жасап, концептуалдык жактан окшош мыйзам долбоорлорун депутаттар да, Министрлер кабинети да бир учурда демилгелегендиктен, экинчи окууга чейин мыйзам долбоорлору бириктирилерин маалымдады.

Муну менен катар Жанарбек Акаев мыйзам долбоорунун негизги өзгөчөлүктөрүнө токтолду.

«Учурда Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, Кыргызстанда балдарын 76%ы бакчага барбайт экен.  Ушундай кейиштүү абал айрыкча айылдарда курч. Жаңы мыйзам долбоору балдар бакчасын ачууда лицензия берүү жагдайын жокко чыгарып, жеке ишкерлер менен жарандарды ашыкча документ чогултуу түйшүгүнөн арылтат. Мындан сырткары мектеп мугалимдерин аккредитациядан өткөрүү тартиби жоюлуп, анын ордуна сапатты өнүктүрүү боюнча департамент түзүү каралган», – деди Жанарбек Акаев.

Ошондой эле сунушталып жаткан мыйзам долбоорунда билим берүүнү каржылоодо жогорку окуу жайларга жана мектептерге этап-этабы менен ваучердик системаны киргизүү демилгеленген.

Жыйынтыгында мыйзам долбоорлоруна добуш берилип, биринчи окууда жактырылды. Мындан тышкары мыйзам долбоорлорду бириктирүү тууралуу Жогорку Кеңештин тиешелүү токтому кабыл алынды.

1,5 жыл жазылган «Билим берүү жөнүндө» мыйзам долбоору комитетке кирди

Copyright © 2017 Maral FM