Биз менен байланышыңыз

1,5 жыл жазылган «Билим берүү жөнүндө» мыйзам долбоору комитетке кирди

Коом , Саясат | 29 мая 2023 | 505 | 0

Бүгүн «Билим берүү жөнүндө» мыйзамдын долбоору Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин кароосуна киргизилди. Бул мыйзам долбоорун 31 депутат демилгелеген. Алар эки жылдан бери атайын тараптар менен талкууларды өткөрүп келишүүдө. Ошол эле учурда Билим берүү жана илим министрлиги да «Билим берүү жөнүндө» мыйзамдын долбоорун өздөрүнчө иштеп чыккан. Өткөн жылы аталган мыйзам долбоору боюнча Жогорку Кеңеште коомдук угуу болуп, эки вариантында тең окшоштуктар көп экени, айрым жерлеринде гана пикир келишпестиктер бар экени айтылган. Коомчулук депутаттар менен биргеликте сунуштап жаткан мыйзам долбооруна алдыда кененирээк токтолобуз.

Бүгүн, 29-майда Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин кезектеги  жыйынында «Билим берүү жөнүндө»  мыйзамдын долбоору биринчи окууда каралды. Жыйында демилгечилердин бири депутат Жанарбек Акаев баяндама жасап, долбоордун негизги өзгөчөлүктөрүнө токтолду.

«Учурда Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, Кыргызстанда балдардын 76%ы бакчага барбайт экен.  Ушундай кейиштүү абал айрыкча айылдарда курч. Жаңы мыйзам долбоору балдар бакчасын ачууда лицензия берүү жагдайын жокко чыгарып,  жеке ишкерлер менен жарандарды ашыкча документ чогултуу түйшүгүнөн арылтат. Мындан сырткары мектеп мугалимдерин аккредитациядан өткөрүү тартиби жоюлуп, анын ордуна сапатты өнүктүрүү боюнча департамент түзүү каралган».

Ошондой эле сунушталып жаткан мыйзам долбоорунда билим берүүнү каржылоодо жогорку окуу жайларга жана мектептерге этап-этабы менен ваучердик системаны киргизүү демилгеленген.

Талкуу маалында Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаров мыйзам долбоору боюнча өзүнүн көз карашын билдирип, заманга шайкеш келген билим берүү кодексин иштеп чыгуу керектигин белгиледи.

«Өзү бул мыйзамды өкмөт иштеп чыгышы керек эле. Орто мектеп, жогорку окуу жайдагы мыкты-мыкты мугалимден курам түзүшү керек эле. Бул мыйзам долбоору башка өлкөнүн мыйзам долбоорунан көчүрүп алынып, кыргыз реалдуулугуна көп жооп бере бербейт. Мен идеологиясына эч кандай шек жаратпайм, жаңы мыйзам керек. Биринчи күндөн баштап сунуш кылдык эле, азыркы заманга шайкеш келген билим берүү кодексин иштеп чыгуу керек. Муну экс-билим берүү министри менен макулдашканбыз. Эми эле акылдашып бүткөндө алмашып жатасыңар. Ошол кодекстин ичинде бүтүндөй билим тармагы камтылышы керек. Биринчи бөлүгү мектепке чейинки, экинчи бөлүгү мектеп, үчүнчү бөлүгү кесиптик окуу жайлар, төртүнчү бөлүгү жогорку окуу жайлар, бешинчи бөлүгү илим жана билим багытын камтышы керек».

Демилгечилердин бири Дастан Бекешев мыйзам долбоорунда инклюзивдүү билим берүүдөгү жагдайлар каралганын белгилесе, депутат Чыңгыз Айдарбеков ваучердик система учурдагы билим берүү тармагына зарыл экенин кошумчалады.

Ал эми каржы министринин орун басары Жибек Дүйшеева мыйзам долбоорунда жалпы каражаттар толук иштелип чыга электигин белгилеп, алар боюнча так маалымат берүүнү суранды.

Депутат Медер Алиев өлкөдө билим берүү тармагы реформага муктаж экенин, мыйзам жакшы жазылганы менен аны аткаруу дайыма суроо жаратарын айтты.

«Бизде мурдагы СССРден таркаган мамлекеттердин көп тармактарында реформа талап кылынат, алардын катарында билим берүү тармагына. Кандай гана идеалдуу, бардык тармакты камтыган, ийне-жибине чейин токтолгон мыйзам болбосун, эгерде аларды татыктуу аткарбаса, анда баары бир тыйын. Мыйзам долбоору жакшы жазылыптыр. Акыркы убакта мугалимдерге болгон мамилени билебиз, мурда кандай эле. Тилекке каршы, Союз таркагандан кийин жапайы капитализмде мал-мүлктү тоногон «комерсанттар» бир заматта «элита» болуп калды. Мен ойлойм, ушул мыйзам мугалимдердин коомдогу татыктуу орунду ээлешине өз салымын кошот».

Бул мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин депутаттарынан, министрликтердин, билим берүү уюмдарынын өкүлдөрүнөн, билим берүү тармагынын эксперттеринен куралган жумушчу топ бир жарым жыл ичинде жазган. Алар мыйзам долбооруна сунуш-пикирлерди угуу үчүн бир канча ирет атайын коомдук талкууларды уюштурган.

Жыйынтыгында «Билим берүү жөнүндө» мыйзам долбоорунун концепциясын комитет депутаттары жактырып, айрым пикирлерди эске алуу менен биринчи окууда кабыл алуу үчүн жалпы жыйынга сунушталды. Билим берүү министрлиги тарабынан сунушталып жаткан «Билим берүү жөнүндө» мыйзамдын долбоору 26-майда парламентке келип түшкөн. Аны да чогуу алып чыгуу макулдашылды.

Copyright © 2017 Maral FM