Биз менен байланышыңыз

«Каражат бөлүнсө, Бишкектеги суу көйгөйү бир жылда чечилет»

Саясат | 8 Июн 2023 | 237 | 0

Жогорку Кеңештин 8-июндагы жыйынында Бишкектеги ичүүчү жана сугат суунун тартыштыгы боюнча Министрлер кабинети маалымат берди. Талкуу маалында өлкөнүн суу ресурстарын натыйжалуу башкарууга байланышкан көптөгөн маселелерге көңүл бурулуп, борбор калаанын жаңы конуштарында суу жетишсиздигине алып келген факторлор каралды. Бишкектеги суу маселесин чечүүгө жалпысынан 500 миллионго жакын сом талап кылына турганы белгилүү болду. Борбор калаадагы суу тартыштыгы боюнча алдыда кененирээк токтолобуз.

Парламенттин бейшембидеги жыйыны Бишкек шаарынын түштүк аймактарындагы суу тартыштыгын талкулоо менен башталды. Бул маселе боюнча алгач Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Бакыт Кудайбергенов маалымат берди.

«Бүгүн, 7-июнга карата 334 жер астынан сордуруучу суу алгычтар иштеп жатат. 200 метр тереңдиктен ичүүчү суу алынып жатат. Бул ичүүчү сууну Бишкектен башка Сокулук районунун 9 айылы жана ТЕЦ-2 жаңы конушунун тургундары пайдаланат. Бүгүнкү күндө «Бишкексууканал» ишканасы аталган айылдарды  сууну үнөмдөө үчүн мезгил-мезгили менен өчүрүлүп жатат». 

Талкуу маалында өлкөнүн суу ресурстарын натыйжалуу пайдаланууга байланышкан көптөгөн маселелер көтөрүлдү. Алсак, депутат Дастан Бекешев эсептегичтердин орнотулушу, суу түтүктөрүнүн эскириши, суу тартыштыгынын себептери сыяктуу маселелерди көтөрүп, Бишкек мэриясы бул көйгөйлөрдү өз алдынча чече албасын, аны чечүү үчүн Министрлер кабинетинин колдоосу керектигин белгиледи.

Copyright © 2017 Maral FM