Жогорку Кеңештин 8-июндагы жыйынында Бишкектеги ичүүчү жана сугат суунун тартыштыгы боюнча Министрлер кабинети маалымат берди. Талкуу маалында өлкөнүн суу ресурстарын натыйжалуу башкарууга байланышкан көптөгөн маселелерге көңүл бурулуп, борбор калаанын жаңы конуштарында суу жетишсиздигине алып келген факторлор каралды. Бишкектеги суу маселесин чечүүгө жалпысынан 500 миллионго жакын сом талап кылына турганы белгилүү болду. Борбор калаадагы суу тартыштыгы боюнча алдыда кененирээк токтолобуз.
Парламенттин бейшембидеги жыйыны Бишкек шаарынын түштүк аймактарындагы суу тартыштыгын талкулоо менен башталды. Бул маселе боюнча алгач Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Бакыт Кудайбергенов маалымат берди.
«Бүгүн, 7-июнга карата 334 жер астынан сордуруучу суу алгычтар иштеп жатат. 200 метр тереңдиктен ичүүчү суу алынып жатат. Бул ичүүчү сууну Бишкектен башка Сокулук районунун 9 айылы жана ТЕЦ-2 жаңы конушунун тургундары пайдаланат. Бүгүнкү күндө «Бишкексууканал» ишканасы аталган айылдарды сууну үнөмдөө үчүн мезгил-мезгили менен өчүрүлүп жатат».
Талкуу маалында өлкөнүн суу ресурстарын натыйжалуу пайдаланууга байланышкан көптөгөн маселелер көтөрүлдү. Алсак, депутат Дастан Бекешев эсептегичтердин орнотулушу, суу түтүктөрүнүн эскириши, суу тартыштыгынын себептери сыяктуу маселелерди көтөрүп, Бишкек мэриясы бул көйгөйлөрдү өз алдынча чече албасын, аны чечүү үчүн Министрлер кабинетинин колдоосу керектигин белгиледи.
Депутат сууну ысырап колдонуу өтө көп болуп жатканын айтып, өлчөгүчтөр Бишкектин баарын камтышы керектигин белгиледи. Ал бирөө каалагандай колдонсо, экинчисинин өлчөгүчкө карап төлөгөнүн адилетсиздик катары баалады.
«Суунун жоготуулары 70 пайыз, 12% гана суу эсептегичтери орнотулган. Турбалардын 70-80%ы эски. Ушул көйгөйдүн баарын билесиңер, бирок алдын албай жатасыңар. Андыктан бизде суу бар, болгону мээбиз бир аз ордунда эмес дээр элем».
Бишкек шаарынын вице-мэри Жыргалбек Шамыралиев суунун деңгээли кескин төмөндөп кеткенин, бул көйгөйдү чечүү үчүн бардык чара көрүлүп жатканын маалымдады. Вице-мэрдин айтымында, бир адамга суунун керектелүүчү нормасы суткасына 170 литр болсо, бүгүнкү күндө ал 500 литрге чыгып кетүүдө. Кышында баарына суу жетип турат, бирок күндүн жылышы менен керектөө эки эсе көбөйөт.
Ал эми эл өкүлү Марлен Маматалиев бул маселени чечүүгө Бишкек мэриясында каражат жетишсиз экенин, суу алгычтарды курууга жер берүү да зарылдыгын айтып өттү.
«Шаар мэриясы эки жылдан бери өкмөткө «жаңы суу кампалар керек, жер бөлүп, каражат карап бергиле» деп кайрылып жатыптыр. Аны чечпей койгондун кесепетинен бизде суу жок болуп жатат. Көрсө, 100 миллион сом, төрт жактан жер тилке керек экен. Бүгүн саат 11де Бюджет комитетинен ошол акчаны карап бөлдүртүп берели. Мэриянын колунан келбей жатса, өкмөт чечпей жатса, анан ким кылышы керек? Өзүбүз киришпесек болбой калды».
Бишкек шаарынын вице-мэри Жыргалбек Шамыралиев ага жооп катары кошумча суу кампаларды куруу үчүн «Баш-Кара-Сууну» 4 гектарга, «Сельскийди» 3 гектарга, «Контррезервуарды» 4 гектарга кеңейтүү зарылдыгын айтты.
Эгер айтылган үч суу кампага жер тилке бөлүнүп, быйылкы бюджеттен каражат берилсе, эмки жылы суу тартыштыгы жаралбай турганына, бир жылдын ичинде көйгөй толугу менен чечилерине Жыргалбек Шамыралиев вице-мэр катары кепилдик берди. Ал үчүн 500 миллион сомдун тегерегинде каражат керектелет.
«Ички чарбалык иштерге, суу түтүктөрүн өткөрүүгө акчаны мэриядан карап жатабыз. Жаңы суу кампаларына республикалык бюджеттен жардам көрсөтүлсө, «Баш-Кара-Суу» жаңы суу кампасына төрт гектар жер, 150 миллион сом керек болот. Андан кийин Сельский деген үч гектар жер тилкесине суу кампа курууга 120 миллион сом, Контррезервуарга жер тилке үчүн 180 миллион сомдой талап кылынат. Эгерде ошонун баары бизге берилсе, Бишкекте бүгүнкүдөй көйгөй жаралбайт».
Вице-мэрдин айтымында, ошондо гана Арча-Бешик конушу тарапка өзүнчө кампадан суу берилип калат.
Депутат Улан Примов суу тартыштыгына байланыштуу кырдаалга тынчсыздануусун билдирип, Бишкек шаардык мэриясынын бул багыттагы ишинин жетишсиздигинен мындай көйгөй жаралганын белгиледи. Ал бул көйгөйдү чечүү үчүн мэриянын активдүү иш алып баруусу маанилүү экенин айтты.
Бишкек шаардык мэриясы суу маселесин чечүү үчүн айрым чараларды аткарып жатканын билдирүүдө. Ага ылайык, жашыл аянттарды сугаруу, күндүзгү таза сууну ысырап пайдалануу боюнча рейддер жүргүзүлүүдө. Май жана июнь айларына ичүүчү сууну мыйзамсыз пайдалануу фактыларын аныктоо боюнча көзөмөл графиктер бекитилген.
Рейддер башталгандан бери 22 миң 515 абонент текшерилип, 187 мыйзам бузуу аныкталып, анын ичинен 171 кожолук турак жайлардын аймагында жайгашкан. Аныкталган мыйзам бузуулар боюнча актылар түзүлүп, айып пул салынган.
Жер астындагы суулуу катмарды толуктоо максатында бүгүнкү күндө Аламүдүн суу чарба башкармалыгы 7 көлдү толтурууга Чоң-Алыш каналы аркылуу секундасына 550-600 литр суу берүүдө.
Ошондой эле Түштүк-Батыш суу алуучу жайынан Адышев көчөсүнө чейин бир чакырым узундуктагы суу түтүгү курулат, бул Арча-Бешик конушуна, Жал кичи районуна жана Садырбаев көчөсүнүн боюндагы аймакка болжол менен 300 куб метр суу жиберүүгө мүмкүндүк берет. Азыр тендердин жыйынтыгы менен жеңүүчүнү аныктоо жүрүп жатат.
Скрябин, Горький, Жукеев-Пудовкин көчөлөрү, Аламүдүн дарыясы, Көк-Жар, Улан-2 кичирайондорун суу менен камсыздаган Көк-Жар суу кампасында экинчи баскычтагы насостук станция куруу пландалууда.
Арча-Бешик конушундагы Айылчиев көчөсүнүн Абдрахманов көчөсүнөн Жайыл Баатыр көчөсүнө чейинки бөлүгүндө суу түтүгүн тартуу аяктоо алдында турат. Бул өз кезегинде Арча-Бешик конушундагы Жайыл Баатыр көчөсүнүн төмөн жагына суунун келишин кыйла жакшыртат.