Бүгүн, 7-июнда Катар мамлекетинин эмири шейх Тамим бин Хамад ал-Тани менен президент Садыр Жапаровдун расмий жолугушуусу башталды. Кездешүү «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында өтүүдө.
Анда эки өлкөнүн башчылары тар жана кең форматта сүйлөшүп, эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары тереңдетүү маселелерин талкуулашат.
Сапардын алкагында айыл чарба, энергетика жана башка тармактар боюнча бир катар документтерге кол коюу мерчемделген.