Биз менен байланышыңыз

Аба ырайы: 6-июнда күндүн табы көтөрүлөт

Кыска кабар | 5 Июн 2023 | 177 | 0

Кыргызгидромет борборунун маалыматы боюнча, 6-июнга караган түнү Нарын облусунун айрым жерлеринде өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Калган аймактарда жаан жаабайт.

Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым аймактарында, Ош, Жалал-Абад, Чүй облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтөт. Калган аймактарда жаан жаабайт.

Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, айрым учурда 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы: 

Чүй облусунда түнкүсүн +15…+20, күндүз +30…+35,

Талас облусунда түнкүсүн +14…+19, күндүз +28…+33,

Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында түнкүсүн +16…+21, күндүз +31…+36,

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн +9…+14, күндүз +22…+27,

Нарын облусунда түнкүсүн +6…+11, күндүз +20…+25.

Бишкекте күн ачык болот. Абанын температурасы түнкүсүн +17…+19, күндүз +32…+34 градус болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM