Биз менен байланышыңыз

Бишкек-Кара-Балта унаа жолун курууда 104 млн сом кымырылып кеткен

Кыска кабар | 5 Июн 2023 | 405 | 0

Башкы прокуратура Бишкек — Кара-Балта унаа жолунда жүргүзүлгөн иштерди, жол катмарынын үлгүлөрүн текшерди.

Мекеменин басма сөз кызматы кабарлагандай, текшерүүнүн жыйынтыгында 450 лампалуу металл мамынын, 36 парапеттин, 2 аялдаманын, орнотулган темир торлордун, А тибиндеги асфальт-бетондун жана башка мүлктүн кем экени, ошондой эле жолго жыштыгы төмөн асфальт төшөлгөнү аныкталган.

Натыйжада мамлекетке 104 млн 81 миң 600 сомдук зыян келтирилген.

Буга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу) жана 245-беренеси (коммерциялык же башка уюмдардын кызматчыларынын ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануусу) менен иш козголуп, тергөө жүргүзүлүүдө.

Транспорт жана коммуникациялар министрлиги оңдоп жаткан Бишкек — Кара-Балта автожолдун жалпы чыгымы (15,9-61-км) 17 млн 763 миң 85 АКШ долларын түзгөн.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM