Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанга Катардын эмири мамлекеттик сапар менен келет

Кыска кабар | 5 Июн 2023 | 418 | 0

6-7-июнь күндөрү Кыргызстанга Катардын эмири Шейх Тамим бин Хамад ал-Тани мамлекеттик сапар менен келет. Бул тууралуу «Маралга» Катардын Кыргызстандагы элчилигинен кабарлашты.

Мамлекеттик сапар тууралуу азырынча толук маалымат бериле элек.

Катардын эмири 5-6-июнь күндөрү Өзбекстанга мамлекеттик сапар менен барат. Анда өлкөнүн башчысы Шавкат Мирзиёев менен саясий байланыштарды өнүктүрүү жана инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу маселелерин талкуулайт.

ТАСС маалымат агенттиги жазгандай, сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө өзбек-катар көп кырдуу мамилелерди өнүктүрүү маселелери каралат. Биринчи кезекте жигердүү саясий байланыштарды жана маданий-гуманитардык алаканы улантуу, ири инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу жөнүндө болот, анын ичинде энергетика, газ-химия өнөр жайы, айыл чарба, инфраструктура тармактары бар.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров 2022-жылы 21-сентябрда Нью-Йорк шаарында БУУнун Башкы ассамблеясынын 77-сессиясынын алкагында Катардын эмири Тамим бин Хамад ал-Тани менен жолугушкан.

Ошол эле жылы 18-декабрда Катар мамлекетине иш сапары менен барган.

Кыргыз Республикасы менен Катар мамлекетинин ортосунда дипломатиялык мамилелерди орнотуу жөнүндө протоколго 1998-жылдын 3-мартында кол коюлган.

Copyright © 2017 Maral FM