Биз менен байланышыңыз

Садыр Жапаров Индия элине жана өкмөт башчысына көңүл айтты

Кыска кабар | 3 Июн 2023 | 169 | 0
Президент Садыр Жапаров Индиянын премьер-министри Нарендра Модиге Одиша штатындагы поезддердин кагылышуусунун кайгылуу кесепеттерине байланыштуу көңүл айтуу телеграммасын жөнөттү. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан кабарлашты.
«Индиянын Одиша штатынын Баласор шаарында поезд кырсыгынан улам адамдар курман болду деген суук кабарды тереӊ кайгыруу менен кабыл алдым. Жалпы Кыргызстандын элинин жана жеке өзүмдүн атымдан кырсыктын кесепетинен каза болгондордун үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөм. Жабыр тарткан жарандардын тезирээк сакайып кетишин каалайм», — деп айтылган көңүл айтуу телеграммасында.
Эске салсак, поезддер жума күнү Баласор шаарына жакын жерде кырсыктаган. Темир жол агенттигинин маалыматына караганда, Калькуттадан Ченнайга бараткан жүргүнчү поездинин 10-12 вагону жүк ташуучу поезд менен кагылышып, рельстен чыгып, карама-каршы рельске кулап түшкөн. Бир канча убакыт өткөндөн кийин дагы бир жүргүнчү поезди аларды сүзүп, анын кесепетинен ичинде кишилер бар дагы үч-төрт вагон рельстен чыгып кеткен. Анын кесепетинен көз жумгандардын саны соңку маалыматтарда 288 болгону айтылды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM