Биз менен байланышыңыз

Бишкекте мончолор жана унаа жуучу жайлар убактылуу жабылууда

Кыска кабар | 3 Июн 2023 | 210 | 0

Бишкекте мончолор жана унаа жуучу жайлар убактылуу жабылууда. Буга ичүүчү суунун жетишсиздиги себеп болгон.

Бишкек шаардык мэриясынан билдиришкендей, суунун кескин тартыштыгына байланыштуу борбор мэрдин орун басары Жыргалбек Шамыралиев тиешелүү кызматтар менен биргеликте рейд жүргүздү.

Рейддин жыйынтыгында сууну көп сарптаган 15 жеке мончо жана унаа жуучу жай убактылуу жабылды.

«Бишкек шаары ичүүчү суу менен Орто-Алыш жана Ала-Арча жер астындагы суу кендеринин 37 суу алгычынан камсыздалат. Борбор шаарды суу менен камсыздоонун негизги булагы Орто-Алыш суу алгычы болуп саналат, ал ичүүчү суунун 40%дан ашыгын камсыздайт. 2023-жылдын 2-июнуна карата тереңдиги 160-250 метр болгон 334 артезиандык скважина иштеп жатат. Акыркы жылдарда, өзгөчө жай мезгилинде калкты ичүүчү суу менен камсыз кылуу маселеси турак жайларда гана эмес, бүтүндөй Бишкек шаарында да курчуп кетти. Бир кишиге суткасына орточо суу керектөө 170 литрден 410 литрге чейин б.а 241%га өскөн», — деп айтылат маалыматта.

Мөңгүлөрдүн жай эриши менен мүнөздөлгөн шарттарга жана Ала-Арча дарыясында жана Чоң-Алыш каналында жер үстүндөгү суунун жетишсиздигинен улам, учурда толтурулган көлдөрдү толтуруу мүмкүн эместиги айтылды.

Буга байланыштуу Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан «Бишкексууканал» башкармалыгына Чоң-Алыш каналынан жана «Орто-Алыш» магистралдык суу алгычынын көлмөлөрүн толтуруу боюнча бардык чараларды көрүү, Ала-Арча дарыясын, ошондой эле Орто-Алыш суу алгычынын суу толтуруучу көлдөрүн толтуруу үчүн альтернативдик суу өткөргүчтү куруу боюнча тиешелүү эсептөөлөрдү жүргүзүү тапшырмасы берилди.

Copyright © 2017 Maral FM