Биз менен байланышыңыз

Индиядагы кырсык: Поезддин кагылышынан каза болгондордун саны 300гө жакындады

Дүйнө , Кыска кабар | 3 Июн 2023 | 462 | 0

Индиянын Одиша штатында поезддердин кагылышынан каза болгондордун саны 288 кишиге жетти. Бул тууралуу жергиликтүү жана чет элдик басылмалар жазды.

Буга чейин кырсыктан 30 адам каза тапканы боюнча маалыматтар болгон, кийин Indian Express 233 адам өлүп, 900 адам жарадар болгонун жазган.
Поезддер жума күнү Баласор шаарына жакын жерде кырсыктаган. Темир жол агенттигинин маалыматына караганда, Калькуттадан Ченнайга бараткан жүргүнчү поездинин 10-12 вагону жүк ташуучу поезд менен кагылышып, рельстен чыгып, карама-каршы рельске кулап түшкөн. Бир канча убакыт өткөндөн кийин дагы бир жүргүнчү поезди аларды сүзүп, анын кесепетинен ичинде кишилер бар дагы үч-төрт вагон рельстен чыгып кеткен.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM