Биз менен байланышыңыз

4-июнда күндүн табы 36 градуска чейин ысыйт

Кыска кабар | 3 Июн 2023 | 184 | 0

Кыргызгидромет борбору кабарлагандай, эртең, 4-июнда бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Калган аймактарда күн ачык болот.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 13…18, күндүз 29…34,

Талас жергесинде түнкүсүн 10…15, күндүз 27…32,

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 10…15, күндүз 31…36,

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 6…11, күндүз 20…25,

Нарын облусунда түнкүсүн 6…11, күндүз 21…26,

Бишкекте жаан-чачын болбойт. Абанын түнкү температурасы 16…18°, күндүзгү температурасы 32…34° болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM