Биз менен байланышыңыз

Бишкекте көрктөндүрүү эрежесин бузгандарга 438 миң сом айып салынды

Кыска кабар | 3 Июн 2023 | 337 | 0

Бишкекте бир жуманын ичинде көрктөндүрүү эрежесин бузуу боюнча 48 факты аныкталып, жалпы суммасы 438 миң сомго айыппул салынды.

Муниципалитеттен билдиришкендей, тазалык жана тартипти төмөнкү курулуш объектери жана ишканалар бузган:

— «Роял Констракшн» ЖЧКсы 114-берене боюнча;

— «Кыргыз каганаттары» ЖЧКсы 115-берененин 2-бөлүгү;
— «Экополис» ЖЧКсы 114-берене боюнча;
— «Озтопарк» ЖЧКсы 115-берененин 2-бөлүгү;
— «Умай Групп» ЖЧКсы 114-берене боюнча;
— «Бай Таш Групп» ЖЧКсы 114-берене боюнча;
— «Бета Иншаат Ятырымжылык» ЖАК 114-берене боюнча;
— «Эстет Кредит» ОСДО күрөканасы 114-берене боюнча;
— «Бишкек шаарындагы гүл өстүрүүчү ышкыбоздор клубу» КЭУ 114-берене боюнча;
— «Кудрет көз» ЖЧКсы 114-берене боюнча;
— «Хоспер» ЖЧКсы 179-статьянын 2-бөлүгү;
— «Восток Строй» ЖЧКсы 179-берененин 2-бөлүгү;
— «Алинур Групп» ЖЧКсы — 114-берене боюнча;
— «Intellect Pro School» ЖЧКсы — 107-берененин 3-бөлүгү;
— «Кап Строй» ЖЧКсы — 114-берене боюнча.

«Белгиленген фактыларга карабастан, алардын айрымдары күнөөсүн мойнуна алышкан жок. Алардын иши акыркы өкүм чыгаруу үчүн мыйзам бузуулар боюнча административдик комиссияга жөнөтүлөт», — деп айтылат маалыматта.

Мэриянын көрктөндүрүүнү контролдоо боюнча муниципалдык инспекциясы мыйзам бузуулар аныкталса, экинчи тарап күнөөсүн мойнуна алганына же албагандыгына карабай жеринде протоколдор түзүлөрүн эскертет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM