Биз менен байланышыңыз

Бишкектин айрым жерлеринде 6-июнда суу өчөт. Даректер

Кыска кабар | 3 Июн 2023 | 654 | 0
6-июнда борбор калаанын айрым райондорунда суу өчүрүлөт.
«Бишкек суу канал» ишканасынын өндүрүштүк-эксплуатациялык башкармалыгынын маалыматына ылайык, бул күнү саат 09:00дөн 22:00гө чейин турак жайларга, мектептерге, мектепке чейинки балдар мекемелерине, саламаттык сактоо мекемелерине жана башка социалдык-тиричилик объектилерине, өнөр жай ишканаларына таза суу берүү токтотулат.
Суу Аул, Элебесов көчөлөрүндө, Кара-Жыгач токоюнун аймагында, анын ичинде: Керамика, Чалбай, Кайыңды, Суворов турак жай конуштарында болбойт. Арал тилкесиндеги (Кара-Жыгач токою) суу өткөргүчтөгү авариялык абалды калыбына келтирүү иштери жүргүзүлөт.
Борбор калаанын мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн жашоочулардан кечирим сурап, таза сууну алдын ала камдап алууну эскертти.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM